Трамп USAID уюмунун ишмердүүлүгүн кайра карап чыгат

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиктин (USAID) ишмердүүлүгүн кайра карап чыгуу процессин баштаганын РИА Новости Мамлекеттик департаментке таянуу менен кабарлады.
"Көзөмөлдөө укугуна ээ болуу жана агенттиктин ишин тереңирээк түшүнүү үчүн мамлекеттик катчы Марко Рубио USAID жетекчисинин милдетин аткарып турмай болду. Рубио уюмдун чет мамлекеттерге жардам көрсөтүү иши реорганизация максатында кайра каралып жатканын Конгресске билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин CBS телеканалы өзүнүн маалымат булагына таянып, Ак үй башчысынын администрациясы USAID менен Мамлекеттик департаментти бириктирип, штатты кыскартарын кабарлаган. ЖМКлардын маалыматы боюнча, мында агенттик гуманитардык жардамга жооптуу структура боюнча кала бермек.
Дүйшөмбү күнү Мамлекеттик башкаруунун майнаптуулугун арттыруу боюнча департаменттин жетекчиси Илон Маск Трамп USAID уюмун жабууга макул болгонун билдирген. Миллиардер агенттикти "кылмыштуу уюм" деп атап, "Американы жек көргөн радикалдык солчул марксистердин уюгу" деген.
АКШнын президенти буга чейин структураны далай сындап, америкалык салык төлөөчүлөрдүн каражатын өлкө кызыкчылыгына жооп бербеген долбоорлорго жумшап жатканын айткан. Трамп кызматына киришери менен чет мамлекеттерге жардам көрсөтүү программасын 90 күнгө токтотуп, муну көрсөтүлүп жаткан көмөктүн АКШнын тышкы саясатына туура келер-келбесин талдоо зарылдыгы менен түшүндүргөн. Январдын соңунда Батыш ЖМКлары Трамптын администрациясы USAID уюмунун 60 кызматкерин өргүүгө жөнөткөнүн жазып чыгышты.
Жардам токтотула тургандардын катарында Украина да бар. "Общественное" телеканалы Киевдеги USAID кеңсеси бардык долбоорлорду токтотуу боюнча буйрук алганын кабарлаган.
Трамп: USAID акылдан тайган радикалдардын жетегинде калган