БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. 4-февралда күн ачык болгону менен жолдор тоңуп, тайгак болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө 0...+5, Талас, Ысык-Көл облустарында +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +4...+9 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде 0...-5 градус суук болору болжолдонду.
Күндүн табы Бишкекте +1...+3, Ош шаарында +5...+7 градуска көтөрүлөрү айтылды.