Суук мезгилинде өнөкөт оорусу барлар сасык тумоого чалдыкканда анын дарты күчөп кетиши ыктымал. Бул мезгилде абанын температурасы көтөрүлүп же төмөндөй бергендиктен адамдын организминде өзгөрүүлөр болуп, иммунитет түшөт. Мындан улам ар кандай инфекцияларды бат жугузуп алуу коркунучу жогору. Ошондой эле астма, өнөкөт өпкө оорулары күчөйт жана кан басым жогорулайт. Адам ден соолукта болуу үчүн иммунитет чоң роль ойнойт. Кышында ден соолукту сактоого туура тамактануу, эшикте көп сейилдөө, кыймылдын көп болушу жардам берет. Суукта D витаминин тартыштыгы байкаларын үй-бүлөлүк дарыгер Динара Жолдошева маалыдады.