Палестинаны колдоо боюнча 9 өлкөдөн турган "Гаага тобу" түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Палестинаны жана анын көз карандысыздыкка болгон укугун коргоо боюнча тогуз өлкөдөн турган "Гаага тобу" түзүлдү. Бул тууралуу Боливия ТИМине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Гаагада Боливия, Белиз, Куба, Гондурас, Малайзия, Намибия, Сенегал жана Түштүк Африка Республикасынын өкмөт өкүлдөрү "Гаага тобун" негиздеп, биргелешкен декларация менен эл аралык укукту жана адилеттүүлүктү жактаган позициябызды белгилейбиз", — деп айтылат билдирүүдө.
Кабыл алынган документте аталган өлкөлөр Эл аралык кылмыш сотунун сурамдарын аткарып, оккупацияланган Палестинанын аймагында жасалган оор кылмыштарга жооптуу тараптарды камакка алуу боюнча 2024-жылдын 21-ноябрында берилген ордерлерге карата Рим статусу боюнча бардык милдеттемелерди аткарары жазылган.
"Гаага тобу" израилдик оккупацияны токтотуп, палестин элинин келечегин өз алдынча аныктоо жана көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү укугун камсыздоочу чараларды көрүүнү улантат", — дешкен Боливия ТИМинен.
Аталган топ бул демилгеге эл аралык коомчулукту да кошулууга чакырганы айтылды.
Израиль биринчи жолу Ханиянын өлүмүнө тиешеси бар экенин моюндады