БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. 2-февралда өрөөндөрдө күн ачык болот. Айрым жерлерге туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +2...+7, Ысык-Көлдө -2...+3 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -4...-9 градус суук болот.
Бишкекте күндүн табы +3...+5, Ош шаарында +4...+6 градуска чейин көтөрүлөт.