Бишкекте турак жайдын чарчы метри 4 миң долларга чейин жеткени айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Жогорку Кеңеште "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында Бишкектеги турак жайдын бир чарчы метри 4 миң долларга чейин чыгып жатканын билдирди.
"Учурда каркастык ыкма менен салынган үйлөрдүн бир чарчы метри 900-1100 долларга (өздүк баасы) чейин болуп жатат. Панелдик үйлөрдүн баасы кыйла арзан, бир чарчы метри 600 доллардан айланууда. Даяр үйдүн баасы 1,5 миң доллардан башталат. Пайдубалынан башталгандар 1200-1300 доллар болууда", — деди Орунтаев.
Депутат Айбек Алтынбеков азыр Бишкекте үйлөрдүн чарчы метри 3 миң долларга чейин чыгып, калаа Борбор Азиядагы эң кымбат шаарлардын бирине айланганын айтты. Буга Орунтаев бир мисал келтирди.
"Мисал катары айтайын, бир объектибиз бар. Баасы 4 миң долларга чыкты", — деди Мамкурулуштун жетекчиси.
Садыр Жапаров Кемин шаарын куруу боюнча жарлыкка кол койду