БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда жакын арада жасалма жүрөк — LVAD аппараттары коюла баштаарын Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясы жана "Ыйман уру" депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
LVAD — жүрөктүн сол карынчасына коюлуп, кан айлантууга жардам берет. Ал операцияны көтөрө албай тургандарга жана жүрөк алмаштыруу операциясын күткөн бейтаптарга коюлат.
"Жүрөктө тромб болуп же инфаркт болсо стент койсо болот, эгер жүрөктүн булчуңу иштебей калса дүйнөдө жасалма жүрөк коюшат. Ал бизге да жакын арада киргизилет. Азыр америкалык, германиялык компаниялар менен келишим түзүп жатабыз. Алар жасалма жүрөктүн аппараттарын алып келишет. Биздин хирургдар Шумаковдун (белгилүү трансплантолог) борборунан окуудан өтүп келишкен. Ушул дем алышта дагы эки топ окууга кетет", — деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Министр республикадагы өлүмдүн 56 пайызын жүрөк-кан тамыр оорулары түзөрүн кошумчалады.