Украина ЖМКларынын 90%ы АКШнын каржысынан көз каранды

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Украиналык он ЖМКнын тогузу гранттын эсебинен күн көрүп келген. Бул тууралуу өлкөнүн Массалык маалымат институтунун директору Оксана Романюк америкалык жардамдын токтотулушунун медиарынокко тийгизген таасири тууралуу айтып жатып билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, буга чейин Ак үй АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөргө жардам берүүнү 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыкка кол койгонун кабарлаган. Мындай чара колдоо көрсөтүү боюнча программалардын АКШнын тышкы саясатына туура келер-келбесин талдоо үчүн көрүлүүдө.
"Тилекке каршы, украин медиаларынын 90 пайызы гранттын эсебинен жашап келген. Аскердик жаңжалдын биринчи жылында эле жарнама рыногу дээрлик 92 пайызга түшүп, калыбына келе алган жок", — деген Романюк.
Ал регионалдык ЖМКлар жарнамадан 3-10 пайыздын деңгээлинде киреше көрөрүн, бул суммага жашоо дээрлик мүмкүн эместигин кошумчалаган. Романюк мындан улам ЖМК аркылуу "бийликти көзөмөлдөө" начарлап, "медиамейкиндик монополизацияга дуушар болот" деп кооптонуп жатканын билдирген.
"Буга чейин медиамейкиндикти олигархтар көзөмөлдөп келген. Беш ири олигархыбыз бар болчу, анын баары жок болду. Медиа алсызданып турган азыркы кезде бирөө-жарым абалдан пайдаланып, бул мейкиндикти ээлеп, аны тескеп, кандайдыр бир таасир этүүчү куралга айландырып алышы ыктымал", — деген божомолун айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
New York Times: АКШ Киевге аскердик жана экономикалык колдоосун токтотту