29-январга карата аба ырайы

29-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. 29-январь, шаршембиде, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас аймагында -1...+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...+5 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде 0...-5 градус суук болору болжолдонду.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы 0...+2 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +5...+7 градуска чейин жетет.
Климатолог январдын жылуу болушунун бир себебин айтты