Өт оорулары көбөйдү. Бир күндө 20дан операция болууда

Sputnik
Кыргызстанда өтүнөн жабыркагандардын саны өсүүдө. Азыр бир эле ооруканада операция болгондордун саны беш миңге жетет. Мурда калктын 18 пайызы өт менен жабыркаса, учурда 35 пайызы ооруп калды. Бир эле клиникада күнүнө 20 операция болот. Биз профессор Оморовго оорунун абалы, алдын алуу жолдору, дарылоо, операциянын түрлөрү, медицинанын жетишкендиги тууралуу маектештик. Өттөгү таштардын пайда болуусуна жашаган климат менен катар тамактануу маанилүү ролду ойнорун дарыгер белгиледи. Бирок бул оору тукум куубайт. Жашылча-жемишти көбүрөөк жеген пайдалуу.