Виза жасашкан. Кыргызстанга мигранттарды мыйзамсыз киргизген чет элдиктер кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанга жасалма виза менен мекендештерин алып келип жүргөн пакистандыктар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр жасалма документ үчүн 2000 доллардан алып, ал аз келгенсип жумушчулардын айлыктарын дагы тартып алып турушкан.
Кылмышка шектелип Пакистандын 41, 34 жана 30 жаштагы жарандары кармалып, абакка камалганы белгиленди.
Мындан тышкары, визасынын мөөнөтү өтүп кеткен Пакистан менен Непалдын 13 жараны аныкталып, айып салынганы кошумчаланды.
Радио
Бишкектеги батирлердин баасынын өсүшүнө ички миграция да таасир берүүдө