Бишкек бир стилге келтирилет. Башкы план даярдалууда

Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясында калаа башчысы Айбек Жунушалиев борбор калаанын жаңы башкы планы даярдалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, башкы план шаар чек арасынын кеңейгенин эске алуу менен 2025-2050-жыл үчүн даярдалууда. Заманбап курулуштар стандарттарга жооп бериши керек болот.
"Жаңы инновацияларды киргизүү Бишкек шаарын бирдиктүү стилге келтирүү максатын көздөйт. Келечекте кеңири тротуарлар, жашыл аймактар, веложолдор курулуп, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлор ишке ашырылат. Бул максатка жетүү үчүн дүйнөлүк лидер катары таанылган япониялык NIKKEN SEKKEI компаниясы менен биргеликте шаар курулушун өнүктүрүүнүн концептуалдык планы иштелип чыккан", — деп жазылган маалыматта.
Бишкекте жер мунапысы жыл соңуна чейин аягына чыгары айтылды