БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Соңку 40 жылда АКШ бир дагы аскердик кагылышта жеңишке жетишкен эмес. Бул тууралуу өлкөнүн вице-президенти Жей Ди Венс билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, ушу тапта Пентагон кадрдык жана технологиялык кризисте.
"Акыркы 40 жылда биз көптөгөн аскердик кагылыштарга катышып, бирок бир дагы жеңишке жете алган жокпуз. Ошондой эле армия олуттуу кризиске кептелип, сатып алууларда ысырапкорчулукка жол берилген. Биз миллиарддаган долларга учактарды сатып алабыз, бирок алар өз убагында жеткирилбейт", — деди Вэнс.
Жума күнү Вэнс Сенаттын төрагасы катары коргоо министри кызматына көрсөтүлүп жаткан Пит Хегсеттин талапкерлиги каралып жатканда аралашууга аргасыз болгон. Анткен менен айыптоолордон улам бир катар республикачылар Хегсетке каршы добуш беришкен.
Вице-президент талапкер Пентагондун ишине өзгөрүүлөрдү алып келерин айтып, аны "шаблондорду талкалаган" жетекчи катары сыпаттады.
Хегсетке коюлган айыптардын катарында алкоголду ашыкча колдонуу, туура эмес жүрүм-турум бар. Өзү мунун баарын четке кагып келет.