Ала-Арча паркында асма жол салынат. Курулушка бүгүн старт берилет

Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бүгүн Ала-Арча жаратылыш паркында асма жол куруу иштери башталарын президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты.
Башкармалыктын маалымат кызматы иш-чарага бардык каалоочулар катыша аларын кошумчалаган.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына Ала-Арча жаратылыш паркынын кышкы көрүнүшүн жарыялап, асма жол болжол менен кандай болорун да көрсөткөн.
Буга чейин аталган паркта электробустар жүргүзүлөрү тууралуу айтылган.
Жапаров Алтайдагы "Миң жүрөк" курортуна жасаган сапары боюнча айтып берди