БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россия Украина НАТОго кирбейт деп "бекем кепилдик" берүүнү талап кылат. Бул туурасында РФ ТИМ башчысынын орун басары Александр Грушко айтканын РИА Новости билдирди.
"НАТОнун өзүндө Украинанын альянска киргендеги келечегине карата ар кандай пикирлер бар. Бул пландарга мүнөздөмө берген Фицо мырза (Словакиянын премьери - ред.) туура айтып жатат, себеби ал (мүчөлүк — ред.) Украинада тынчтык орнотпойт жана кенен мааниде алып караганда, коопсуздуктун кандайдыр бир архитектурасын да түзө албайт. Альянстын бир канча өлкөлөрү да ушундай көз карашта", — деди Грушко "Россия-24" телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып.
Аталган маселени аскердик бирикменин саясаты катары киргизип, бекиттирүү кадамдары жасалары айтылды.
"Бул — биз үчүн Украина чатагы боюнча мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдүн маанилүү учурларынын бири жана аталган согуштун себебин түп-тамырынан жок кылууга байланышкан элемент. Биз Украинанын кандай түрдө болбосун НАТОго мүчөлүгүн четке каккан эл аралык укуктардын бекем кепилдигине гана эмес, бул тема альянстын саясаты болушуна жетебиз", — деп кошумчалады ал.