Февралда борбор калаада "Евразия-Кинофест жаңырыгы" эл аралык кинофоруму өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкекте Евразия өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалынын алкагында "Эхо Евразия-Кинофест" кинофоруму өтөт. Бул тууралуу "Евразия" бейөкмөт уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 2-5-февраль аралыгында болуп, Кыргызстандын жана Россиянын киноискусство өкүлдөрү катышат. Максаты — көрүүчүлөрдү өз өлкөсүнүн тарыхына, салттарына жана маданий баалуулуктарына кызыктыруу.
"Фестиваль жаш таланттарды колдоого жана алардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө багытталган. Кино – бул адамдарды бириктирүүчү көпүрө. Биздин максат – ар бир өлкөнүн маданий мурасын көрсөтүү жана таланттарды колдоо", — деп билдирген уюштуручулар.
Иш-чаранын алкагында эң мыкты тасмалар көрсөтүлүп, мастер-класстар, актёрлор менен жолугушуулар өткөрүлөт. Фестивалдын ачылышы 3-февралда саат 18:00дө "Ала-Тоо" кинотеатрында өтүп, концерттик программа менен коштолот.
Кино көрсөтүүлөр жана бардык иш-чаралар акысыз болот.
Бишкекте “Евразия” бейөкмөт уюмунун аймактык кеңсеси ачылды