Төө-Ашууда кар көчкү атып түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жабылууда

Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолдорунда кар көчкү түшүрүлүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 132, 133 жана 135-чакырымында, ошондой эле Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 198-чакырымында кар көчкүнү түшүрүү үчүн артиллериялык эсеп колдонулууда.
Бул мезгилде унаа жолдордо маал-маалы менен бардык транспорттун кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
ӨКМ: Балыкчыда катуу шамал болуп, эки киши жабыркады