БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп кызматына расмий киришкен соң Владимир Зеленский Россия менен Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча келишим түзүүгө даяр экенин айтып, бирок эпке келүү кандай шартта ишке ашарын тактаган жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Ал мага келишим түзүүнү каалап жатканын айтты", — деген өлкө башчы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Трамп өз сөзүндө РФ президенти Владимир Путинди да келишим түзүүгө даяр болууга чакырып, бул Россиянын да кызыкчылыгына бап келерин белгилеген.
Мамлекеттин жетекчиси АКШ Украинаны колдоого НАТО мүчөлөрүнө караганда 200 миллиард доллар көбүрөөк сарптаганын, "НАТО арбын акча төлөшү керектигин, чыгымды теңей турганын" айтты.
"Ортобузду океан бөлүп турса да биз 200 миллиард долларга көп акча жумшадык. Бул — күлкү келерлик көрүнүш", — деген Трамп.