Атайылап банкротко учуратуу. УКМК кен казган компаниянын экс-директорун кармады

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. УКМК компанияны банкрот кылуу жол-жоболорун мыйзамсыз жүргүзүүнү уюштурууга байланышкан коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Г.К.М." жана "Е.Н.Н." ЖЧКлары геологиялык чалгындоого лицензияны сактап туруу үчүн 144 миллион сомдон ашык каражатты мамлекетке төлөөдөн качкан. Ал муну кызмат адамдарынын көмөгү менен ишке ашырганы айтылды.
Учурда бул иш боюнча тиешелүү адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Кара-Балтада 77деги кемпирдин 600 миң сомун уурдап кеткен аялдар кармалды