Башкы директор “Электр станциялары” ААКнын Бишкекке көчөрүн четке какты

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. “Электр станциялары” ачык акционердик коому Кара-Көлдөн Бишкекке көчөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Салават Садыракунов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
“Жалган маалымат. “Электр станциялары” ААКсы Кара-Көлдө эле калат”, — деди ал.
Бүгүн ЖМКлардын бири ААКнын маалымат кызматына шилтеме берүү менен компаниянын Бишкекке кайтып келгенин жазган.
Эске салсак, 2023-жылдын июль айында өлкөнүн электр жана жылуулук энергиясынын негизги өндүрүүчүсү болгон компаниянын борбордук аппараты Бишкектен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына көчүрүлгөн.
Анда “Электр станциялары” ААКнын администрациясынын жана борбордук аппаратынын эмгек жамааты которууга каршы болуп, президентке, Энергетика министрлигине, Жогорку Кеңештин фракцияларына жана депутаттык топторго ачык кат даярдашкан. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарына да жөнөтүлгөн. Кайрылууга 183 адам кол койгон.
Кыргызстан үч өлкөгө электр энергиясын экспорттоого даярданууда