2024-жылы табиятка зыян келтиргендерге жалпы 5,5 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Дерсуу Акпаралыев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ушул убакытка чейин айыптардын 4,5 миллион сому мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү.
"Былтыр министрлик жалпы 285 мыйзам бузуу фактысын каттап, 5,5 миллион сомдон ашуун айып салынды. Анын ичинен 4,5 миллион сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Ал эми табиятты коргоо, сактоо боюнча элдин көз карашы жылдан-жылга жакшырып жатат. Мисалы, 2015-жылдан берки статистикалык маалыматтарды алсак, браконьерлер азайганын көрөбүз. Элдин аң-сезими өсүп, табиятка болгон мамилеси өзгөрүп жатат", — деди Акпаралыев.
Ошондой эле ал айыптардын ичинен эң ириси 1,5 миллион сом экенин, ал аркар аткан браконьерлерге салынганын кошумчалады.