БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менчигинин түрүнө карабай өлкөдөгү бала бакчанын баарына видеокамера орнотууну тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, ушу тапта министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн 2024-жылдагы жыйынтыгы боюнча кеңешме өтүп жатат.
Камера орнотуу чечими бала бакчалардагы коопсуздук чараларын күчөтүү, тарбиячылар менен ата-энелердин ортосундагы ишенимди арттыруу жана тартипти камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылды.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин видеокамера аркылуу көзөмөлдө маселеси Сузактагы бала бакчада тарбиячылардын балдарды урганы аныкталгандан кийин көтөрүлгөн. Буга чейин билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңырган жылдын соңуна чейин республикадагы бала бакчалардын баарына көзөмөл камерасы орнотула турганын, ал ИИМдин "Коопсуз шаар" системасына туташарын билдирген.
Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө бала бакчалардын 63 пайызы видеокөзөмөл менен камсыз болгон.