Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский армиясынын жабдылышына ичи чыкпай жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн 60 пайызы гана толук кандуу жабдылганын Владимир Зеленский Польшанын Rzeczpospolita гезитине маек куруп жатып айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Аскер бөлүктөрдүн 60 пайызы гана керектүү деңгээлде жабдылган. Айрым нерселер келип жатат, жетпей жаткандары да бар, кээ бир жабдуулар кечигүү менен келүүдө. Мунун көп себеби бар, процесс татаал. Эч кимди күнөөлөгүм келбейт, бирок азыр абал ушундай. АКШнын Конгрессинде эле жардам жөнөтүү канчага кечиктирилгени эсиңиздерде болсо керек", — деген Зеленский.
Жакын арада алмаша турган АКШ администрациясы тууралуу суроого Украина жетекчиси президент Жо Байденге ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү курал-жарак менен ок-дарынын 33-34 пайызы украин өндүрүшүнөн чыкканын, 30 пайыздын азыраагы Европадан, ал эми 40 пайызы Америкадан келгенин айтып, жооп берди.
"АКШ менен Европанын ортосундагы альянс бизге жардам берди, бирок канчалык жардам бергенин айтпай эле коеюн. Азыр абадан коргонуу каражаттары жетишсиз болуп турат, АКШдан Patriot системаларын көбүрөөк ала албай жатабыз. Мен бул жагдайды чындап түшүнө албай келем", — деген Зеленский.
Россия Украинаны курал-жарак жана ок-дары менен камсыздоо кырдаалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО мамлекеттерин чырга аралаштырып жатканын эскертип келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал жүктөлгөн автотранспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын билдирген. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип жана Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө аскер кадрларын даярдап берип жаңжалга түз кийлигишип жатат. Кремль Украинаны курал-жаракка шыкоонун кесепети оор болорун айткан.
Украина элчиси: ЕБ өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларды оорлотууга каршы болууда