БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Февралда абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын көлөмү норманын чегинде болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Февралда абанын айлык орточо температурасы
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет
Февралда жаан-чачындын көлөмү
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет
Чүй облусу
Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп 0…-2, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -3…-5 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12ден -2…+3кө чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү абанын температурасы -13…-18 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Күндүз -4…+1ден 6…11 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 12…17ге чейин жогорулап, кайра -5…-10 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Талас облусу
Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп -1…-3 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14төн -4…+1 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү -15…-20га чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4…+1ден 4…9га чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 10…15ке чейин жогорулап, кайра -5…-10го чейин төмөндөшү мүмкүн.
Ош облусу
Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп 0…2, тоо этектеринде 0…-2 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -6…-11ден -1…+4 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Күндүз -4… +1ден 6…11ге чейин жетет. Кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 12…17 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.
Жалал-Абад облусу
Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп 0…2, тоо этектеринде 0…-2 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -6…-11ден -1…+4 градуска чейин өзгөрөт. Күндүз -4… +1ден 6…11 градуска чейин жетет. Кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 12…17ге чейин жогорулашы мүмкүн.
Баткен облусу
Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп 0…2, тоо этектеринде 0…-2 градус суук болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -6…-11ден -1…+4кө чейин өзгөрүлүп турат. Күндүз -4… +1ден 6…11ге жетет. Кээ бир күндөрү күндүз 12…17 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.
Ысык-Көл облусу
Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп -1…-3, чыгышында -4…-6 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12ден 0…-5ке чейин өзгөрүлүп турат. Күндүз -1…-6дан 2…7ге чейин жетет.
Нарын облусу
Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп -9…-11, Кочкор районунда -4…-6 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -13…-18ден -3…-8ге чейин, кээ бир түндөрү Ат-Башы районунда -20…-25ке чейин төмөндөйт. Күндүз -4…-9дан -1… +4кө чейин өзгөрүшү мүмкүн.