Бишкекте накталай жол кире 40 сомго жетет. Долбоор талкууга чыгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы автобустарда накталай төлөмдү 40 сомго чейин көбөйтүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди.
Муну шаар бийлиги жүргүнчүлөрдү карта менен төлөөгө көндүрүү максатында жасоодо. Учурда накталай эмес төлөм 17 сом, ал эми накталай 20 сомду түзөт.
"Накталай эмес төлөм 17 сом, накталай 20 сом болгондуктан, жүргүнчүлөр үч сомго карабай жол кирени акча менен эле төлөп жатышат. Накталай төлөмдү 40 сомго чейин көбөйтүү боюнча долбоорду коомдук талкууга койдук. Жөнгө салуу таасирин талдоо аяктагандан кийин биз долбоорду Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизебиз", — деген Бейшенбаев.
Буга чейин Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдү жол кирени карта менен төлөөгө көндүрүү үчүн накталай төлөмдү 20 сомдон 40 сомго чыгарууну сунуштаган.
Жол кирени карта менен төлөгүлө! Садыр Жапаров бишкектиктерге нааразы болду