Россия туурасында унчуккан жок. Байден америкалыктар менен коштошту

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. АКШнын кызматы аяктап кетип бара жаткан президенти Жозеф Байден америка эли менен коштошуп, өлкөнү башкарып тургандагы эмгектерин санады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Америкалык лидер 15 мүнөткө чукул сүйлөгөн. Бул убакыт ичинде Ак үйдүн кетип жаткан жетекчиси Россия-Америка алакасы, же РФ, же анын президенти жөнүндө ооз ачкан эмес.
Эл аралык күндемдин алкагында Байден НАТОну бекемдөө, Украинаны колдоо, аны менен катар эле Кытай менен атаандаштык, Газадагы согуш отун токтотуу маселелерине токтолгон.
"Чет жактарда НАТОну бекемдедик, Украина мурдагысындай эле эркин бойдон калды", — деген ал өзүнүн кылган иштериндеги жетишкендиктерин санап жатып.
Байден Газа секторундагы согуш отун токтотуу боюнча келишимдин жана барымтадагыларды куткаруунун планы иштелип чыгып, анын командасы менен макулдашылгандыгын айтты.
Байдендин башка билдирүүлөрү:
АКШ "Кытайды атаандаштык кармашында жеңип кетти";
Штаттарда экономикалык теңсиздик өсүүдө, байлык азчылыктын колуна топтолгон;
АКШга технологиялык комплекстердин өнүгүүсү кооптуулук жаратышы мүмкүн;
Баш мыйзамга президенттер кылган кылмышы үчүн жоопкерчиликтен четтеп кетпей тургандай берене киргизүү керек;
америкалыктарды дезинформациянын агымы каптап кетти, бул бийликтин кыянаттык менен пайдаланылышына алып келет.
Сөзүнүн соңунда Байден үй-бүлөсүнө, америкалыктарга жана администрациясынын мүчөлөрүнө ыраазылык билдирип, жарандарды өлкөнүн баалуулугун сактоого чакырды.
Ал эми бийлиги өтүп жаткан Дональд Трамптын администрациясына ийгилик каалаган.
Байдендин президенттик мөөнөтү бул жумада аяктайт. 20-январда Трамп ант берет да, АКШнын 47-президенти болот.
Карааны алыстап бараткан гегемония. Байден Трампка мураска эмне калтырууда