Кант шаарындагы 801 млн. сомдук автостанция мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кант шаарындагы 801 миллион сомдук автостанция мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы аянты 28 143 чарчы метрди түзгөн автостанция 1996-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген.
"Каниет" ачык акционердик коому айрым үлүштүк катышуучулары менен бирге аталган автостанцияны мыйзамсыз менчиктештирген. Ал кезде мамлекеттин үлүшү 39,25 пайызды түзгөн. Бирок менчиктештирилгенден бери "Каниет" ААКсы тарабынан мамлекеттик бюджетке дивиденддер түшкөн эмес", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада компания аталган обьектини мэриянын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп бергени кошумчаланды.
Базар-Коргондо салык бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды