Орунтаевге эмне болду? Парламентте пирске буу мончо салуу демилгеси сынга кабылды

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин ишине нааразы болду.
Анын айтымында, соңку убакта Мамкурулуштун жетекчиси бири-бирине каршы келген иштерди жасоодо.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова
"Кээде мыйзамдарды так аткарган болот, кээде пирстерде буу мончолорун курууга уруксат берүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга коюп жатат. Бир заматта 180 градуска өзгөрүп кетет. Президенттин Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо боюнча тез арада чара көрүү жөнүндөгү жарлыгы бар экенин унутуп калды окшойт. Аны эскертип койгум келет. Эмне үчүн Ысык-Көлгө мындай мамиле жасалып жатат? Пирстерге бууканаларды курууга уруксат берүү... Андай болсо экология жөнүндө сөз кылуунун кажети барбы?" — деди Кожокулова.
Ошондой эле эл өкүлү Орунтаевди жыйынга чакырып, маселени тактоону сунуштады.
Буга чейин Мамкурулуш Ысык-Көлдүн жээгинде бир катар курулуштарга уруксат берүүнү сунуштаган. Анын ичине буукана, бар текчелери жана коомдук дааратканалар кирет.
Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон ачылды. Видео