БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Депутаттар Бишкектин тургундарына коммуналдык кызматтар үчүн туура эмес дүмүрчөк келип жатканын айтышты.
Депутат Бакытбек Марипов айрым бишкектиктер жылуулук үчүн айына 28 миң сомго чейин төлөп жатканын айтып чыкты. Ал шаар тургундары жылуулуктун тарифин карап чыгууну суранып жатканын белгиледи.
"100 чарчы метрден ашкан үйлөргө учурда жылуулук акысы 10-20 миң сомго чыгып жатыптыр. 80 чарчы метрден ашкан үйлөргө жылуулук 6 миң сомдук тариф менен эсептелип жатат дейт. Айрым көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына декабрда жылуулукка 28 миң сом келген. Бул эмне деген нерсе?" — деди депутат.
Буга утурлай эле Дастан Бекешев айрым муниципалдык кызматтар үчүн төлөмдөр туура эмес эсептелип жатканын айтып, кайра эсептеп чыгууну суранды.
"Бишкектиктер кайрылууда, ноябрь, декабрь айларына "Тазалык" менен "Бишкек суу каналы" жок эле сумманы кошуп койгонун айтышууда. Эми пенсионерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер барып такташып жатат, баса албагандары да бар. Бул алешемдик кимден кеткенин билбейм, бирок элге ыңгайсыздык жараткан адамды жазалаш керек. Бардык шаардыктарды эсебин карап чыгууга чакырат элем, муниципалдык кызматтар мүмкүн силерди алдап жаткандыр, текшергиле", — деди Бекешев.