Түштүк Кореянын президенти козголоңду жетектеди деп камалды. Юн Сок Ёль да үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Түштүк Кореянын тарыхында тергөөчүлөр биринчи ирет президентти — Юн Сок Ёлду (бирок кызматынан четтетилген) камашты. Бул туурасында РИА Новости Ренхапка шилтеме кылып билдирди.
"Жогорку кызматтагы адамдардын арасындагы коррупцияны иликтөө башкармалыгы (CIO) президент Юн Сок Ёлду козголоңду жетектегени үчүн камады", — деп жазды агенттик.
Ал арада кармалышы боюнча Юн Сок Ёль да үн каткан.
"Тилекке каршы, биздин өлкөдө укуктук система толук бузулган. Иликтөө жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок органдарга ордер кантип берилерин көрүп жатабыз. Ордерди кароого укук берилбеген соттор камоого жана тинтүүгө ордер берип жатышат. Андан ашыгы, тергөө органдары расмий деп документтерди жасалмалап, элдин башын айлантууда", — деп айтылат президенттик администрация тараткан маалыматта.
Президенттин өзү бул кармоону "кан төгүүнү болтурбоо" үчүн суракка "өз ыктыярым менен бардым" деп комментарий кылып, иликтөөнүн мыйзамдуулугун мойнуна алуудан баш тарткан эле.
Буга чейин тергөөчүлөр Юн Сок Ёлдун резиденциясына мамлекет башчыны камоо үчүн келип, бирок анын коопсуздук кызматынын каршылыгына туш болушкан. Бирок ага карабастан, 2,5 саат өткөндөн кийин Жогорку кызматтагы адамдардын арасындагы коррупцияны иликтөө башкармалыгы менен полиция кызматкерлери дубалды ашып түшүп, резиденцияга киришкен. Операцияга 200 полиция кызматкери жана аталган башкармалыктын 40 тергөөчүсү катышкан.
Мурдараак аскер адамдары резиденцияда аны кайтарган кызмат тергөөчүлөрдүн мамлекет башчыны камоого берилген ордерди аткарууга тоскоолдук кылбай тургандыктарын айтышкан. Бирок президенттин резиденциясынын аймагына киргизүү чечимин бир эле киши эмес, күзөт кызматы кабыл аларын айтышкан. Тергөөчүлөр ордерди 3-январда аткарууга аракет кылып, бирок мамлекет башчынын күзөт кызматы көрсөткөн беш сааттык каршылыктан кийин куру кол кетишкен. CIO журналисттерге резиденциядагы болгон кызматкерлердин коопсуздугунан улам Юн Сок Ёлду күч менен кармап кетишпегендигин айткан.

Түштүк Кореядагы саясий кризис

2024-жылдын 4-декабрына караган түнү Түштүк Кореянын президенти өлкөнү колдогон күчтөрдү тазалоо жана либералдык конституциялык түзүлүштү сактоо үчүн аскердик абал киргизилгенин жарыялаган. Бирок мындай кадамын парламент колдогон эмес. Мамлекет башчысы ага импичмент жарыялоо бийликти шал кылып коет деген.
Парламент Юн Сок Ёль киргизген аскердик абалды алып салууга каршы чыккан эмес, тагыраагы, жыйынга келген 190 депутаттын баары тең "макул" деп добуш беришкен. Депутаттык корпуста жалпысынан 300 эл өкүлү бар. Президент козголоң чыгарууга аракет кылган, өлкөгө өзгөчө абал киргизип кызматын кыянаттык менен пайдаланган, өзгөчө абалды жоюу боюнча депутаттар добуш берерде парламентке аскер күчүн жөнөткөн деп айыпталууда.
Юн Сок Ёль аталган айыптарды четке кагып, "аракеттеринин баары мамлекеттик башкаруунун актысы" экенин, муну менен учурда парламентте басымдуулук кылган "оппозициялык партияга мыйзам чыгаруучу бийлигинен кыянаттык менен пайдаланбоосуна эскертүү" бергенин айтып келет.
Парламент 14-декабрда президентке импичмент жарыялаган. Юн Сок Ёль кызматынан убактылуу четтетилген. Анын биротоло кетүүсү боюнча маселени Конституциялык сот карашы керек.
Юн Сок Ёль аскердик абал киргизгенине байланыштуу суракты тоготпой, үч ирет келбей койгон соң гана сот аны камоого ордер берген.
Түштүк Кореянын соту биринчи жолу президентин камакка алууга ордер берди