БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. ТИМ Кыргызстандын жарандарына Беларусь менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен жарандыгы жок адамдар үчүн (мурда Беларустун жана Россиянын жарандары гана кесип өтө алган) беларусь-орус чек арасын, анын ичинде кургактагы жол аркылуу өтүү тартибин жөнгө салуучу тиешелүү макулдашуунун күчүнө киргендигин маалымдайт.
“Кыргызстандын жарандары Беларустун же Россиянын аймагына эл аралык өткөрүү пунктулары, темир жол, ошондой эле макулдашууда көрсөтүлгөн автомобиль жолдору менен кире алышат”, — деп айтылат маалыматта.
Учурда макулдашуунун алкагында алты багыт каралган:
Юховичи – Долосцы (Опочка – Новополоцк),
Езерище – Невель (Киев – Санкт-Петербург),
Лиозно – Кругловка (Витебск – Смоленск),
Редьки – Красная Горка (Минск – Москва),
Звенчатка – Дубовичка (Бобруйск – Москва),
Селище – Новозыбков (Гомель – Брянск).
Беларусь-Россия чек арасынын кургактагы бөлүгүнө башка жолдор менен өтүүгө жол берилбейт жана андай учурлар мамлекеттик чек араны бузуу катары каралат.
ТИМ Беларусь өздүгүн тастыктоочу документ катары Кыргызстандын жалпы жарандык паспортторун гана тааный турганын эскертет.