БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Эгер Украинада мобилизациялык куракты 18 жашка чейин төмөндөтүүгө аракет жасала турган болсо, Владимир Зеленский бийликтен куулушу мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский Telegram каналына жазганын РИА Новости кабарлады.
Анын айтымында, мындан аскер комиссариаттарынын кызматкерлери да жабыркайт.
"Эгер Зеленский мобилизациялык куракты 18 жашка чейин төмөндөтө турган болсо, бийликтен куулат. Армия жаңыланбайт, анткени жаштар улуулардан мурда качып жоголот. 45-50 жаштагылар баласы үчүн аскер комиссариаттарынын кызматкерлерин өлтүрүүдөн кайра тартпайт", — деген Дубинский.
Эскерте кетсек, АКШ Зеленскийден мобилизациялык куракты 18 жашка чейин төмөндөтүүнү талап кылган. Россиянын Чалгын кызматы Киев чечим даярдап койгонун, жакын арада кабыл аларын билдирди.