Жогорку сот Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаевди актады

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаев акталды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Самаевге карата буга чейинки инстанцияларда чыккан өкүмдөр өзгөртүлүп, кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыбы жокко чыгарылды.
2023-жылы апрелде УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп Самаевди кармап, ишканада болгон мыйзамсыз иштерден мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирген.
Урматбек Самаев 2016-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылдын августунда дайындалган.
Урмат Самаев Токмоктун мэрлигинен кетип, ордуна Максат Нусувалиев келди