Улуттук банк валюта рыногунда жаңы жылдын алгачкы интервенциясын жасады

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Улуттук банк 79 миллион доллар сатып, валюталык интервенция жасады.
Маалыматка ылайык, бул — жаңырган жылдагы алгачкы интервенция.
Улуттук банк 2024-жылы 26 жолу интервенция жасап, анын 13үндө валюта (369 миллион 850 миң доллар) сатып алса, калганында (675 миллион 650 миң доллар) саткан.
Эскерте кетсек, Улуттук банк валютанын олку-солкулугун жөнгө салуу үчүн долларды сатып же сатып алып турат.
Улуттук банк элди алдамчылардын жаңы схемасынан сак болууга чакырды