Салык кызматынын жетекчиси ЭТТКдан кимдер бошотуларын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагаз маселеси дээрлик чечилип калды, чакан жана орто бизнеске ал колдонулбайт. Бул тууралуу Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарында ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди.
Ал ЭТТК айрым товардын түрлөрү үчүн гана каларын айтты.
"Жалпы жонунан ЭТТК маселеси жоюлду десек болот. Ал тамеки, алкоголдук ичимдик, дары, мунай продуктуларында гана калат. Экинчиден, импортерлорго дагы иштейт, себеби алар сырттан тонналап товар алып келет. Ошондой эле завод, фабрикалар дагы бар. Аларды дагы ЭТТК менен көзөмөлдөйбүз. Ал эми чакан жана орто бизнести мындай машакаттан бошотобуз", — деди Шыкмаматов.
Буга чейин Кыргызстанда ЭТТКны колдонууну жөнөкөйлөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ага бир айлык мөөнөттө ЭТТКны жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди жүргүзүп, президенттик аппаратка сунуштарды киргизүү тапшырылган болчу.
ЭТТКны жөнөкөйлөтүү боюнча жумушчу топ түзүлдү