БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Үй сатып алууну пландаган жарандар курулуш объектинин мыйзамдуулугун текшере алат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ведомстводо элдин алданып калуусун алдын алуу максатында жаңы бөлүм түзүлгөн
"Соңку убактарда мыйзамсыз курулуштан үй алып, алданып калгандар көбөйдү. Мына ошонун эске алып "Санариптик трансформация, маалыматтык камсыздоо жана коштоо" бөлүмү түзүлдү. Ал акысыз кызмат көрсөтөт. Үй сатып алууну пландаган ар бир жаран курулуш объектинин мыйзамдуулугу тууралуу так маалымат алуу үчүн ушул бөлүмгө кайрыла алат", — деп жазылган маалыматта.
Мындан тышкары, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28 дарегиндеги Мамкурулуштун "Бирдиктүү терезе" бөлүмүнө кайрылууга болот. Ошондой эле агенттиктин расмий сайтынан жана QR-код аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгү бар.