БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында мамлекеттик административдик имараттардын жаңы комплекси курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документте айтылган.
Маалыматка ылайык, курулуштун негизги подрядчысы президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы болду.
Административдик имараттар мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу жана министрликтер менен ведомстволордун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында курулары белгиленген. Тиешелүү структураларга каржылоо, долборлоо боюнча тапшырмалар берилгени айтылды.
Буга чейин президенттик администрация министрликтерди, ведомстволорду жайгаштыруу үчүн Бишкекте административдик шаарча куруларын айтып, эски мамлекеттик имараттарды сатууга жол ачкан документ иштеп чыгуу тапшырылган. Ал үчүн "Инвестициялар жөнүндө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөр демилгеленген.
Кийин ал кездеги министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 2026-жылы жаңы Өкмөт үйү куруларын айткан.