Лавров: АКШнын "Түрк агымын" иштен чыгаруу ниети бар

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. АКШ Украинага "Түндүк агымдан" кийин эми "Түрк агымын" иштен чыгарууга шыкакчы болуп жатат. Бул туурасында РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды.
Буга чейин РФтин Коргоо министрлиги Киев бийлиги ишемби күнү пилотсуз тогуз учакты пайдаланып Краснодар аймагында Анапага жакын "Түрк агымынын" компрессордук станциясына чабуул коюуга аракет кылганын билдирген.
Бул европалык өлкөлөргө газ берүүнү үзгүлтүккө учуратуу максатында жасалганын жана дрондордун бардыгы атып түшүрүлгөндүгүн кабарлашты. Станция көгүлтүр отту "Түрк агымына" токтоосуз берип жатканын жана эч кандай үзгүлтүк болбогонун кошумчалашкан.
"АКШга энергетикадан баштап бардык тармакта эч кандай атаандаштын кереги жок экендигине, алар эч ойлонбостон Европанын энергетикалык бакубаттуулугунун негизин жок кылуу үчүн террордук чараларды колдой турганына бекем ишендим. Украинадагы кардарларын "Түндүк агымдан" кийин эми "Түрк агымын" иштен чыгарууга үндөп жатат", — деди Лавров 2024-жылдагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнө арналган маалымат жыйында сүйлөп жатып.
Россиялык экспорттук эки газ куурунда — "Түндүк агым" жана "Түндүк агым 2де" 2022-жылдын 26-сентябрында жарылуу болгон.
Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган иш экенинен шек санаган эмес. Россиянын Башкы прокуратурасы эл аралык террордук акт боюнча ишти демилгелеген. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Москва "Түндүк агымдын" жардыруулары боюнча маалыматты бир нече ирет сурап, бирок бир да жолу жооп албаганын айткан.
Канцлерге талапкер Вайдель шайлоодо жеңсе "Түндүк агымды" жандантууну убадалады