БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Өлкөдө беш жаңы бассейн башкармалыгы түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылган.
Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-январда кол койду.
Түзүлгөн бассейн башкармалыктар:
"Талас суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы";
"Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы";
"Ысык-Көл — Тарим суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы";
"Нарын — Сыр-Дарыя суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы";
"Кара-Дарыя — Сыр-Дарыя — Аму-Дарыя суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы".
Бул башкармалыктар юридикалык жак катары катталып, республикалык бюджеттен каржыланмакчы. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысы тууралуу мурунку токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Эми бассейн башкармалыктарынын кызматкерлери суу чарба тармагындагы жаңы шарттарга ылайык эмгек акы ала алышат.
Буга чейин өлкөдө суу ресурстарын беш гидрографиялык бассейнге бөлүп башкаруу каралганы, алар мөңгүдөн тартып өлкөнүн чек арасына чейинки суу ресурстарын сактоо, коргоо жана пайдалануу боюнча комплекстүү иш алып барары айтылган.