Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Россияны Украинанын мурунку жерлеринен сүрүп чыгаруу мүмкүн эмес деп эсептейт

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп буга чейин Украинага таандык болуп келген аймактардан, анын ичинде Крымдан Россияны сүрүп чыгаруу мүмкүн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц ABC телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украин жеринен, анын ичинде Крым да бар, россиялыктарды чыгаруу мүмкүн эмес. Трамп бул реалдуулукту моюндады, эми бүт дүйнө жүзү муну түшүнө баштаганы маанилүү деп ойлойм", — деген Уолц.
Анын айтымында, ок атууну токтотуу жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө карай кадам болмок.
Жаңы шайланган президенттин кеңешчиси Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусуна даярдык көрүлүп жатканын кабарлап, лидерлер "жакынкы күндөрү же жакынкы апталарда" сүйлөшүп калышы мүмкүн экенин айткан.
Эскерте кетсек, Крым 2014-жылы Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өткөн референдумдун жыйынтыгы менен Россиянын курамына кирген. Анда Крымдагы шайлоочулардын 96,77 пайызы, Севастополдун 95,6 пайызы Россияга кошулуу ниетин билдирген эле. Ал эми Украина Крымды убактылуу оккупацияланган аймак деп эсептеп келет, Киевди бул маселе боюнча Батыш мамлекеттери колдойт. Россия жетекчилиги Крымдын жашоочулары добуш берүү демократиялык жол менен, эл аралык укук нормаларына жана БУУнун Уставына ылайык өткөнүн бир нече ирет эскерткен. РФ лидери Владимир Путиндин айтымында, Крым маселеси "толугу менен жабылган".
2022-жылдын октябрында референдумдун жыйынтыгы менен Донецк, Луганск республикалары, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустары Россиянын курамына кирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Россиянын Украина боюнча позициясын түшүнөм". Трамптын сөзүнө пикир айтылды