Германияда Россияга карата санкцияларды токтотуу маселеси көтөрүлүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Германиянын канцлерлигине талапкер Сара Вагенкнехт Россияга карата санкцияларды токтотуп, россиялык газдын импортун сактап калуу керектигин айтты. Бул туурасында RT жазды.
Анын пикиринде, АКШнын санкция саясатынын украиналык чатакка тиешеси жок, болгону ал америкалык экономикага дем бериш үчүн гана керек.
Вагенкнехт муну менен катар эле Вашингтондун чектөөлөрүн "немецтик жана европалык компанияларды өлтүрүү программасы" деп атады. Саясатчынын мындай деп айткандарын Die Zeit басылмасы жазган.
Германия бийлигинин Россия газын алууну жаңылаш керектиги боюнча аталган талапкердин "Сара Вагенкнехттин союзу — акыл-эс жана адилеттүүлүк үчүн" деп аталган партиясынын шайлоо алдындагы программасында да айтылган.
ZDF телеканалы бул документ Бонндо өткөн съездде кабыл алынганын жана аны 600 делегат колдогондугун кабарлаган.
"Биз кош стандарттар менен кош идеологияны эмес, эң төмөнкү бааларды кайрадан критерий катары карап энергоресурстардын импортун уюштурушубуз керек", — деп Вагенкнехттин айтканын аталган телеканал алып берген.
Германияда санкцияны ооздуктоо жана отунду, тагыраагы, көгүлтүр отту саясатташтырбай импорттоону кайрадан жөнгө салуу туурасында маселе көтөрүлө баштады. Эске салсак, "Германия үчүн альтернатива" партиясынан канцлерге талапкер Элис Вайдель парламенттик шайлоодо жеңип чыкса "Түндүк агымдын" ишин жандантууга убада берди.
Россия газын өткөрбөйм деген Украинанын чечими боюнча словак премьери кат жазды