БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Дем алыш күндөрү доллардын курсу жана алтын куймалардын баасы өстү, ал эми күйүүчү май арзандады.
Жума күнгө салыштырмалуу долларды сатып алуу орточо 24 тыйынга, сатуу 25 тыйынга жогорулады. Банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда сатуу курсу 87,6дан 87,65 сомго чейин болууда.
Еврону сатып алуу 31 тыйынга, сатуу 27 тыйынга төмөндөгөн.
Рубль менен теңгенин курсу билинер-билинбес өзгөргөн.
Күйүүчү май арзандады. Мисалы, "Роснефть" май куюучу жайларында АИ-92 бензини бешинчи күндөн бери 2 сомго, ал эми дизель жана АИ-95 үлгүсүндөгү майдын баасы 3 сомго түштү.
Алтын куймалардын баасы көтөрүлдү. Мисалы, бир граммдык куймалар 21,5 сомго кымбаттады.