БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга камакка алуу, мамлекеттик структураларда иштөө укугунан түбөлүккө ажыратуу сыяктуу катуу жазалар колдонулат. Бул тууралуу УКМКнын Башкы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Эркин Маканбаев билдирди.
Ал бүгүн, 13-январда, УКМКнын Чек ара кызматынын Борбордук аппаратында өткөн коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган кеңешмеге катышкан. Ал аскер кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн мыйзамдардын күчөтүлгөнү тууралуу маалымат берди.
“Коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдар эркинен ажыратууга чейинки катуу жазага тартылат. Андан сырткары, алардын жакын туугандары мамлекеттик кызматтан четтетилип, өздөрү мамлекеттик структураларда иштөө укугунан түбөлүккө ажыратылат”, — деди Маканбаев.
Ал эми Чек ара кызматынын жетекчиси, генерал-майор Абдикарим Алимбаев коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири экенин белгиледи.
“Чек ара кызматында коррупцияга каршы күрөшүү механизмин иштеп чыгуу боюнча кеңири иштер жүргүзүлдү. Бирок бул жааттагы натыйжалар жетишсиз экенин түшүнөбүз жана аракетибизди күчөтө беребиз”, — деди Алимбаев.
Кеңешменин жыйынтыгында аскер кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү, ошондой эле ачык- айкындуулукту жогорулатуу чечими кабыл алынды.