БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, салыкчы 9-январда колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы О.С.А. пара менен кармалды. Ал мүлккө жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык карыздарынын бар-жогу жөнүндө маалым кат алуу процессин тездеткендиги, ошондой эле салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлердин ставкаларын азайткандыгы үчүн системалуу негизде пара алгандыгы аныкталган. Соттун уруксаты менен анын мыйзамсыз аракеттери жашыруун камерага тартылган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул кылмышка тиешелүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
УКМК бул иш коррупционерлерге карата жаза катаалдагандан кийин жасалганын эске салган. Жаңы мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирди.