Мурдагы күйөөсү бычактаган Асел Ногойбаевага үчүнчү операция жасалат

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Мурдагы күйөөсү кордогон Асел Ногойбаевага үчүнчү операция жасалат. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.
"17-январда үчүнчү операциям болот. Келбетим акырындап калыбына келе баштады, мага жардамын аябаган биздин жана Москванын дарыгерлерине ыраазымын", — деп жазган ал.
Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Аселге былтыр октябрда Москвада пластикалык операциянын биринчи этабы жасалган. Ага бир нече оор жана кымбат операция жасоо талап кылынары айтылган эле.
Эске салсак, 2023-жылдын 20-сентябрында Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны 39 жаштагы мурдагы жолдошу бычактап, кулак-мурдун кесип салган. Ал буга чейин да жабырлануучуну зордуктаганы үчүн 5 жылга кесилип, бирок пробация аркылуу эркиндикке чыгып кеткени белгилүү болгон. Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескенден кийин гана сот анын ишин кайра карап, зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кескен. Ал эми Селекциядагы кылмышы боюнча күнөөлүү деп табылып, жалпы 20 жылга эркинен ажыратылган.
Асел Ногойбаевага адвокат болгондо ыйлаган күндөрүм болду. Жактоочу Саутованын маеги