Улуттук банк элди алдамчылардын жаңы схемасынан сак болууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарды алдамчылардын "акча кайтарып берүү" деген жаңы схемасына алданып калбоого чакырды.
Мекемеден белгилешкендей, белгисиз адамдар мессенжер аркылуу жарандарга сайтка шилтеме жиберишет, андан Улуттук банкка тиешелүү деген сайт чыгып, жарандарга каражатын кайтарып берүү сунушталат. Бирок мунун баары жалган маалымат.
"Улуттук банк мессенжер аркылуу жарандарга эч кандай билдирүүлөрдү жөнөтпөйт жана акчаны кайтаруу кызматтарын көрсөтпөй турганын расмий билдиребиз. Мындан тышкары, Улуттук банк жеке жактарды тейлебейт, жарандарга эсеп ачпайт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Мындай алдамчылыкка ишенбеңиз, бейтааныштарга акчаңызды которбоңуз", — деп жазылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.
Ошондой эле маалыматта кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылган жашоочулар болсо дароо банкка кабарлашы керектиги кошумчаланган.
"Бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз", – дешти мекемеден.
Айгүл Жапарованын атын жамынган шылуундар. Президенттин маалымат катчысы үн катты