Улуу Жеңишке 80 жыл. Кыргызстан согушта Киев менен Минскиге кантип жардам берген

Sputnik
Быйыл Улуу Жеңиштин 80 жылдык мааракеси белгиленет. Совет эли фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрүнө каршы төрт жыл бою жанын аябай согушкан. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтеринин арасынан кыргызстандыктардын кан майданга көрсөткөн көмөгү тууралуу сүрөттөрдү тапты.
1 / 13

Жаш учкучтар аэродромдо. Фрунзе, 1941-жыл.

2 / 13

Кыргызстандыктар кан майдандагы жоокерлерге белек жөнөтүп жаткан учуру. Фрунзе, 1942-жыл.

3 / 13

Кыргызстандык жоокерлер тактикалык машыгууда. Фрунзе облусу, 1942

4 / 13

Атчандар клубунун аскерлери машыгып жаткан маал. Ысык-Көл облусу, 1942

5 / 13

Сухой хребет" совхозундагы мектеп окуучулары жер айдап жаткан убагы. Түп району, Маяк кыштагы (азыркы Ысык-Көл айылы), 1942

6 / 13

Тамеки фабрикасында иштегендердин фронтко жөнөтчү продукциясын текшерүүдө. Фрунзе, 1942

7 / 13

Атактуу композитор Абдылас Малдыбаевдин кызы Толкун эвакуация болгон Зоя Дорфман менен пианинодо ойноп жаткан маалы. Фрунзе, 1942

8 / 13

Фронт үчүн белектер даярдалып жаткан учур. Фрунзе, 1943

9 / 13

Жаңы-Жер совхозунун жумушчулары фронтто жарадар болгон аскерлерге дарбыз чогултуп жаткан маалы. Фрунзе облусу, 1942

10 / 13

8-гвардиялык Панфилов мотоаткычтар дивизиясына белектер жөнөтүлүүдө. Фрунзе, 1942

11 / 13

Эрнест Тельман колхозунун комбайны күздүк буудай чаап жаткан учуру. Панфилов району, Фрунзе облусу, 1943-ж.

12 / 13

Аскердик госпиталдарда дарыланып жаткан аскерлерге чогулган дарбыздын түшүмү. Кант району, Фрунзе облусу, 1943.

13 / 13

Фашисттик баскынчылардан бошотулган Украина менен Беларустун аймактарына Кыргызстан мал жиберип жаткан учур. 1944-жыл

Тема боюнча:
Алптар, генийлер, таланттар! Кыргыз киносунун үлкөндөрүнүн экрандагы ирмемдери
Кыргыздын туңгуч өкмөтү билимге кандай көңүл бурган. Элитанын түптөлүшү