БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. "Германия үчүн альтернатива" партиясынан канцлерге талапкер Элис Вайдель парламенттик шайлоодо жеңип чыкса "Түндүк агымдын" ишин жандантууну убадалады . Бул тууралуу РИА Новости Welt гезитине таянып кабарлады.
"Биз "Түндүк агымды" эксплуатацияга кайтарабыз, ишене берсеңер болот", — деген Вайдель.
Ал бардык шамал станцияларын бузуп, атомдук электр станциясын кайра иштетүүнү да убадалаган.
"Германия үчүн альтернатива" партиясынын программасында Украина келечекте Евробиримдиктен жана НАТОдон тышкары бейтарап мамлекет болушу керектиги жазылган.
Акыркы сурамжылоо боюнча, аталган партиянын рейтинги 22 пайызды түзөт. Германияда мөөнөтүнө чейинки шайлоо 23-февралда өтмөкчү.
Россиядан Европага газ ташылган "Түндүк агым" газ түтүктөрүндөгү жарылуу 2022-жылдын 26-сентябрында болгон. 2023-жылдын мартында Батыштын ЖМКларында диверсияны "Украинага ыктаган топ" жасаганы айтыла баштаган. Nord Stream AG компаниясы кырсык болуп көрбөгөндөй экенин, оңдоо мөөнөтүн эсептөө да мүмкүн эместигин билдирген.
Немец басылмаларынын маалыматы боюнча, түтүктөрдү жардыруу үчүн "Андромеда" парустук яхтасы колдонулган. Кемени 2016-жылы негизделип эки украиналык жаранга катталган польшалык Feeria Lwowa компаниясы ижарага алган. Бул боюнча Германия прокуратурасы дайвинг боюнча инструкторду камакка алууну чечкен. Ал диверсия жасаган топту ташыган автоунаанын айдоочусу болгон деп шектелүүдө.
Америкалык журналист Сеймур Херштин версиясы боюнча, Baltops 2022 машыгуусунда америкалык суучулдар газ түтүкчөлөрүнүн астына жардыргыч заттарды коюп, үч айдан кийин норвегиялыктар жардырышкан.
Россиянын Башкы прокуратурасы эл аралык террордук акт боюнча ишти демилгелеген. Кремлдин расмий өкүлү "Түндүк агымдын" жардыруулары боюнча маалыматты бир нече ирет сурап, бирок бир да жолу жооп албаганын айткан.