Кыргызстанда дарыгерлер жүрөк кемтигин жасалма интеллект менен аныктай баштады

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстанда дарыгерлер жүрөк кемтигин жасалма интеллект менен аныктай баштады. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору Ишенбай Молдоташев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Жаңы ыкманы кыргызстандык илимпоздор ойлоп тапкан. Аны менен жүрөк жетишсиздигин эки мүнөттө аныктаса болот. Буга телефон менен чакан медициналык аппарат жетиштүү.
"Аппарат бейтапты текшерип, телефондогу жасалма интеллект аркылуу дарыгерге маалымат берет. Андан жүрөк жетишсиздиги бар-жогун билебиз", — деди Молдоташев.
Ал мындай ыкма менен Кыргызстан калкынын саламаттыгын 6 айда текшерип койсо болорун, коюлган диагноздордун 85%ы туура чыгып жатканын кошумчалады.
Жаңы муун. 2025-жылдан кийин төрөлгөн балдар көп көйгөйгө тушугабы?