Мамкурулуш Ысык-Көлдүн жээгиндеги пирстерге буу мончо курууну сунуштап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдүн жээгинде бир катар курулуштарга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Мекеме бул демилге туристтик агымды көбөйтүп, кызмат сапатын жогорулатат деп эсептейт. Мындан улам көлдүн жээгине пирстерди, пирстик мончо объектилерин, бар текчелерин жана коомдук дааратканаларды курууга уруксат берүү сунушталган.
“Туристтердин көбү убактысын пляжда өткөрүүнү каалашат. Ошону эске алып аймактын инфраструктурасын жакшыртуу, анын ичинде пирстерди, мончо комплекстерин, барларды жана коомдук дааратканаларды куруу зарыл. Инфраструктуранын бул элементтери туристтик кызматты жакшыртууга өбөлгө түзөт жана келгендер үчүн ыңгайлуу эс алууну камсыз кылат. Бул өз кезегинде туристтердин агымынын өсүшүнө түрткү берет жана канааттануусун жогорулатат”, — деп жазылган документтин негиздемесинде.
Америкалык журнал барууга сунушталган 25 жердин катарына Караколду кошту